Жаңы ачылган ишканалар үч жылдык мөөнөткө чейин текшерилбейт

28 февраль 2019 08:40 3245 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жаңы ачылган ишканалар үч жылдык мөөнөткө чейин текшерилбейт. Мындай сөздү президент Сооронбай Жээнбеков  27-февралда «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциянын жүрүшүндө айтты. 

"Региондорду өнүктүрүү боюнча жарлык чыккандан бери комплекстүү иштер аткарылууда. Токтоло кетсем, бизнести негизсиз текшерүүгө эки жылдык мараторий киргизилип, ал эми жаңыдан түзүлгөн ишканалар үч жылдык мөөнөткө текшерүүдөн бошотулду. Салык мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, кошумча салыктар боюнча жеңилдиктер берилди. Ишкерлерди коргой турган институттар түзүлдү. Кыргызстандагы банктар менен ишкерлерге төмөндөтүлгөн насыяларды берүү көбөйдү. Мисалы, РСК банк, Айыл Банктар 70% насыяны региондорго кайра иштетүү өнөр жайларга төмөндөтүлгөн негизде берип баштады"-деди президент. 

Андан сырткары Сооронбай Жээнбеков региондордо кепилдиктер аркылуу 3 миллион долларга чейин  насыяларды жергиликтүү ишкерлер ала алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү деп кошумчалады. 




Ссылка: https://barometr.kg/zhay-achylgan-ishkanalar-ch-zhyldyk-mntk-chejin-teksherilbejt



Добавить комментарий