Жашооңузду өзүңүз башкарыңыз
1. Күнүгө таң эртең менен бүгүн эмне жумуш кылам деп план түзүп алыңыз. Ага сиздин болгону 15 мүнөт убактыңыз кетет.
2. Толугу менен 7-8 саат уктаганды адатка айлантыңыз. Дал ошондо организмиңиз эс алган болот. Мисалга, атактуу адамдар андан дагы аз уктагандыгын эстен чыгарбаңыз.
3.Уюлдук телефондо сүйлөшкөндө дабышыңызды көтөрбөй, сылык болуп сүйлөшүңүз. Ошондо сүйлөшүп жаткан адамга жылуу мамиле калтырган болосуз. Мейли ал сизге бейтаныш адам болсо деле, сылык сүйлөөнү адатка айлантыңыз. Ошондо анын сизге болгон урматы жогору болот.
4.Жекшембинин ар бир күнүнүн тизмек түзүп жыйынтык чыгарууга арнаңыз. Мисалга, мен бул жумада эмне аткардым жана эмнелер аткарылбай калды деген сыяктуу?
5.Ички коркунучуңузду жеңүүгө аракеттениңиз. Сизде канчалык коркунуч көбөйгөн сайын, ошончолук жашооңуз кыйындай берет. Сиздин эмнелерден корко турганыңыз эмес, аны кантип жеңүү керектиги маанилүү.
6.Алдыга койгон максат эмес, ага жете турган жол өзгөчө маанилүү экендигин унутпаңыз. Алдыда кандай гана кыйынчылыктар болбосун артка чегинбеңиз, дал ошондо баштаган жумушуңуздун ийгилигин көрөсүз.
7.Жумушту кийинки күнгө калтырууну токтотуңуз. Өз жашооңузду өзүңүз гана башкарыңыз.
Ссылка: https://barometr.kg/zhashoouzdu-zz-bashkaryyz
Добавить комментарий ×