Жаш келин 10 эркекке атайлап венерикалык оору жуктурган

28 июнь 2021 14:52 7500 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын Бухара шаарында жаш келин 10 эркекке атайлап венерикалык оору жуктурган. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган маалыматка таянсак, Бухара областында 26 жаштагы аял ушул жылдын 20-майында тери-венерологиялык диспансеринде венерикалык оорусу бар адам катары каттоого алынган. Бирок 25-майдан 6-июнга чейин оорусу тууралуу алдын ала билип туруп 10дон ашык эркекке оору жуктурган.

Бул факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш Кодексинин 113-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhash-kelin-10-erkekke-atajlap-venerikalyk-ooru-zhukturgan



Добавить комментарий