Жарым жылаңач баткакка бөлөнгөн ырчы Макпал элди чочутту

18 январь 2019 14:04 1260 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Шоу-бизнес чөйрөсүн бүгүнкү күндө ырдаган ыры же аткарган жумушу менен эмес интернет баракчасындагы катталуучулары, лайктары жана калтырылган пикирлердин саны менен атактуулугу аныкталып калды. “Хайп” кармап катталуучу чогулткан учурларда да көп кездешет.

Казактын белгилүү ырчыларынын бири Макпал Исабекова өзүнүн  инстаграмдагы жеке баракчасына жарым жылаңач баткака бөлөнгөн сүрөтүн жүктөп талкууга алынды.

Сүрөттө Макпал Исабекованын ачык кийим кийип дене мүчөсүнүн ачык жерлерине баткак шыбап алганын көрүүгө болот.

Ырчынын күйөрмандары жана окурмандары бул сүрөттү эки мааниде кабыл алып түрдүү мазмундагы пикирлерди калтырышты.

Бир топ ырчыны колдосо экинчиси топ “ушинтип хайп кармабай эле койбойбу” дешти.

Белгилей кетсек Макпал Исабекованын ырлары Казакстанда гана эмес Кыргызстанда да өз угармандарын тапкан.

Ссылка: https://barometr.kg/zharym-zhylaach-batkakka-blngn-yrchy-makpal-eldi-chochuttu



Добавить комментарий