Жапаров менен Ташиев учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачышты

13 сентябрь 2022 14:08 1374 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Садыр Жапаров  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты.  

"Мына ошондуктан Кыргызстандын чек ара коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет. Биз чек арачыларыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө бардык чараларды көрүүгө жооптуубуз”, - деди президент.

Ал өткөн жылы Чек ара кызматы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынганын эске салды.

Базанын ачылышы тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров ал чек араларды кайтарууда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жер үстүндөгү күчтөрү менен аскер бөлүкчөлөрүн абадан коргоо боюнча негизги милдеттерди аткарарын белгиледи.

"Мен ар дайым айтып келем – Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө. Биздин куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүүгө болгон аракеттерибиз коргонууга гана багытталаарын баса белгилеп кетейин", - деп билдирди ал.

Президент аскер кызматкерлерин базанын ачылышы менен куттуктап, алар мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатында  калыптанган салтты татыктуу улантып, жоопкерчилик жана мекенчилдик сезимди бийик коюп, Мекен алдында ак кызмат өтөп жатышканын белгиледи.

"Биздин чек арабыз ишенимдүү колдо! Элибиздин ишеничи менен үмүтү сиздерге мындан ары дагы чоң-чоң ийгиликтерди жаратууга дем болуп, күч-кубат берет деп ойлойм", - деди ал.

Белгилей кетсек, "Байрактар" учкучсуз аппараттарын тийиштүү окууларды өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарышат. Бул мамлекеттик чек араны абада кайтарууга алган офицер-чек арачылардын алдыңкы тобу.





Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-menen-tashiev-uchkuchsuz-uchuuchu-apparattarynyn-bazasyn-achysht



Добавить комментарий