Жанар Акаев Матраимовдун урматына уюштурулган турнирге эмнеге барганын айтты

1 май 2019 19:16 3005 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 1-майда Ош областынын Кара-Суу районунда волейбол жана мини-футбол боюнча турнир өткөн. Турнирди Улуу Ата-Мекендик согуштун 74 жылдыгына жана Исмаил Матраимовду эскерүү иретинде Исмаил Матраимов атындагы фонд уюштурган. Бул турнирге катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди жана башка депутаттар менен чиновниктерди соцтармактын колдонуучулары сындап чыгышты. Буга депутат жооп кылып төмөнкү постту өз баракчасына калтырды.

“Урматтуу достор, жеке мен Кара-Суудагы иш-чарага кымындай жаман оюм болбой, спикер баштаган бардык фракциялардын депутаттары менен чогуу келдим.Өзүм беш күндөн бери Ошто болчумун. ЖК депутаты Искендер Матраимов майрамдык иш-чара уюштуруп, беш миңдей эл келээрин, спорттук ири таймаш болоорун айтып, чакырган. Биз Райым Матраимовдун тоюна же туулган күнүнө эмес, согуш ардагерлерин куттуктап, эл менен учурашып кайттык. Депутаттар чакырган аймактарга барып эле жүрөбүз. Эч жаман ой жок, кесиптештер менен барып кайттым эле. Эми, Сиздердин эмоцияны да түшүнөбүз, тепкилегенге чыдашка аргасызбыз. Көпчүлүк жалгыз мени катуу сынга алганыңарды да түшүнүп турам, үмүттү өчүрбөгүлө! Абдан ыңгайсыз абалда калдым”,-деп жазды Акаев.

Ссылка: https://barometr.kg/zhanar-akaev-matraimovdun-urmatyna-uyushturulgan-turnirge-emnege-barganyn-ajtty



Добавить комментарий