Жанар Акаев: "Элчилердин 80-90 пайызы интестиция тартуу менен иштери жок"
Элчилердин 80-90 пайызы инвестиция тартуу менен иштери деле жок. Иштебесе кетирип, иштегендерине чоң талаптарды коюу керек. Мындай сунушун өкмөткө депутат Жанар Акаев парламентте билдирди.
"Элчилер мамлекетке пайда алып келе тургандай иштерди кылбай жөн эле олтурушат. Коңшу мамлекеттерди карасаныздар, мисалы Өзбекстан 800 дөн ашык соода инвестиция түздү. Алардын тартып келип жаткан инвестицияларын караңыз. Бизде деле акырындап жылыш бар. Бирок аз"-деди Акаев.
Буга Абылгазиев: "Элчилерди эки жол менен баа беребиз дедик. Биринчиси инвестиция тартканы менен. Экинчиси туристтерди өлкөгө тартканы менен. Алар иштейт же иштебейт деген маселени коюп, муну чечебиз. Сиздин сунушузду колдойм"-деди.
Ссылка: https://barometr.kg/zhanar-akaev-elchilerdin-80-90-pajyzy-intesticiya-tartuu-menen-ishiteri-zhok
Добавить комментарий ×