Жамгырбек Бөкөшев: ажал деген арсыз экен, арабыздан Элмирбекти алып кетти
Философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшев Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатар зыйнатында жалпы жердештеринин атынан сүйлөп, элди жашытты.
Элмирбек Иманалиев 20-апрелде Бишкектеги ооруканалардын биринде 42 жашында каза болду. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Бөкөшев чыгаан акын Элмирбек Иманалиевдин дагы далай, ырын, айтыштарын көрөбүз деп эли күтүп жүргөнүн айтты.
“Кадырлуу калайык, бүгүн кыргыз рухунун, кыргыз жан-дүйнөсүнүн желбиреген желеги түшүп отурат. Бүгүн кыргыз элинин улуттук ар-намысын коргогон, эр жүрөк бир сакчысы көздөн кайым болуп отурат. Ажалды мыкаачы, ажалды таш боор дейбиз, бирок кырктын кырына келген Элмирбекке кол көтөрөт деп ким ойлоду эле? Арабыздан шап жулуп кетет деп ким ойлоду эле? Ташка тамга баскандай таасын сөзү бар эле, курч кылычтын мизиндей өткүр ою бар эле, кардай аппак ниети бар эле, жүрөк кылын черткен обону бар эле. Бүгүн Элмирбек жок.
Токтогул менен Эшмамбет ичкен булактан суу ичкен, Токтогул менен Эшмамбет жанаша бастырган жолдо баскан, Токтогул менен Эшмамбет үзөңгүлөш туруп таңшып ырдаган Бууракандын белинен устаты тууганбай акын менен таңшып ырдаган Элмирбек бүгүн жок.
Кыргыз эли кыргыз болуп турганда элдин сырын сырдашар, муңун муңдашар дагы далай акын чыгар, дагы далай ырчы чыгар. Бирок Элмирбектей ким болот? Элмирбектин ордун ким толтурат? Жай турмушта жайдары көп сүйлөбөгөн, көп тыңшаган, суроо берсең күлүмсүрөп кыска жооп берген, ушунчалык карапайым, ушунчалык жөнөкөй, ушунчалык ак жүрөк жан эле. Бүгүн Элмирбек жок.
Элмирбектин ырын дагы далай угабызго деп ойлочу элек. Элмирбек менен дагы далай көрүшөбүз дечү элек. Элмирбекке дагы далай бата беребиз дечү элек. Ажал деген арсыз экен. Көзү бар жүрөгү жок, кулагы жок экен, арабыздан Элмирбекти алып кетти. Кош Элмирбек, Жараткандан сурарыбыз жаткан жериң жайлуу болсун, топурагың торко болсун, жайыңа жаннаттан орун берсин, кош!” – деди Бөкөшев.
Ссылка: https://barometr.kg/zhamgyrbek-bkshev-azhal-degen-arsyz-eken-arabyzdan-elmirbekti-alyp-ketti
Добавить комментарий ×