Жалал-Абаддагы турак үйдүн чатырына, адырда оттоп жүргөн жылкылар кулап кетти
12-декабрда Жалал-Абад шаарынын Курортный ключ көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырына, адырда оттоп жүргөн жылкылар кокустуктан кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Турак үй адырдын боюнда жайгашкандыктан жылкылар чатырга кулаган, чатыр талкаланып тамдын ичине түшүп кеткен.
Жаралган кыйынчылыктан улам аталган үйдүн ээси саат 11:25дө Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жардам сурап кайрылган.
Куткаруу иштерине №58 өрттөн куткаруу бөлүмүнүн 5 куткаруучусу тартылып, куткаруучулар жылкыларды турак үйдөн чыгарып, ээсине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abaddagy-turak-jdn-chatyryna-adyrda-ottop-zhrgn-zhylkylar-kulap-ketti
Добавить комментарий ×