Жалал-Абадда жол эрежесин бузган айдоочу жол тескөөчүсүн сүзүп качып кеткен

13 август 2018 22:55 1652 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда жол эрежесин бузган айдоочу, аны токтотууга аракет кылган жол тескөөчүсүн сүзүп качып кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 9-август күнү саат 11:30 чамасында болгон. Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсү менен Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде, Жалал-Абад ОИИБнин Жалал-Абад ШИИБнүн ЖКККнын инспекторун кызмат өтөп жаткан учурда, жол эрежесин бузган айдоочуну токтоткон учурда ал токтобостон инспекторду сүзүп качып кеткен.

Жол кыймылынын инспектору алган жараатынан улам ооруканага кайрылып, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бул факты боюнча КЖКнын 341-бер. (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Үлгү айылынын 31 жаштагы тургуну болгон. Ал эми качып кеткен айдоочу ошол эле күнү кечинде кармалып 2 айлык мөөнөткө камакка алынды. Ошондой эле сүзүп кеткен Опел-Астра үлгүсүндөгү автоунаасы айып короосуна киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-zhol-erezhesin-buzgan-ajdoochu-zhol-teskchsn-szp-kachyp-ketken



Добавить комментарий