Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди

25 май 2020 12:45 957 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-май күнү саат 18:46да Кыргызстан менен Өзбекстандын четкешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жар-Кыштак, Сузак айылдарында 3 балл жана Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. 

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-zher-titir-bolup-tt



Добавить комментарий