Жалал-Абадда салык кызматкери ишкерден 80 миң сом өлчөмундөгү пара алып жаткан жеринен кармалды
Бөлүшүү:
Жалал-Абад облусунда салык кызматкери ишкерден 80 миң сом өлчөмундөгү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу финполициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, салыкчы ишкерден салык санкциясын салам деп коркуткан. Эгерде ишкер 200 миң сомду салык кызматкерине берсе, анда кийинки ишкерлигинде анын бизнесин калкалап турганга сөз берип, алгачкы 80 миң сомду алып жаткан жеринен ушундай иш болуп кеткен. Эми аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренеси (Пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, күнөөкөр учурда камакка алынды.
Окуя 3-октябрда болгон.
Добавить комментарий ×