Жалал-Абадда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө чакырышты
Жалал-Абад областынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан «Камкордук» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
20-21-ноябрь күндөрү Сузак, Тогуз-Торо, Таш-Көмүр ШРИИБдеринин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери мектептерде атайын жыйындарды уюштурушту. Жыйынга тиешелүү адистер, ата-энелер катышып, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери талкууланды. Мектеп окуучуларын окуудан сырткары ата-энелер өз көзөлүнө алып, ар дайым камкордук көрүү керектиги айтылды. Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө чакырышып, ар кандай кылмыш, кырсыктардан алыс болууга үндөштү.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-kamkorduk-atalyshta-ish-chara-boldu
Добавить комментарий ×