Жалал-Абадда бир суткада 25 кылмыш катталды

7 апрель 2020 15:31 514 Barometr
Бөлүшүү:
ok

6-апрелден 7-апрелге караган бир күн ичинде областынын аймагында жалпысынан 25 кылмыш катталган. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Коменданттык саат башталган күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейинки аралыкта 229 кылмыш катталган болсо, өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагынан 75 ар кандай кылмыш окуялар катталган.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 3, Сузак районунун аймагынан – 1 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде ар бирине айып салынды. 

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 100 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлдү. Ошондой эле аталган аймактардан 90 автоунаа кармалып айып аянтчасына коюлду.


Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-suzak-ajmagynda-abal-tynch



Добавить комментарий