"Кааласаӊар сойку катары иштетсеӊер болот. Сурап алар эч кимиси жок". Ош шаарында жаш кызды сатууга шектүү аял кармалды

19 август 2019 11:18 969 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери Жалал-Абад шаарында бир аял 2000-жылы туулган  кызды сатуу үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

 Маалыматты текшерүү учурунда, чындап эле Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы жашоочусу Ч. М. 2000-жылы туулган М.Д. аттуу кызды 100 миӊ сомго сатууну көздөп жаткандыгы аныкталган. Ош ШИИБнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан сатып алууну каалаган адамдын ордуна бир аял кишини дайындалып, маалыматты текшерип көрүшкөн. Кыз сатууну каалаган аял жаш кызды 100 миӊ сомго баалап, аны каалагандай пайдалана берсе боло тургандыгын, ата-энеси, сурап алар адамы жоктугун айткан.

Натыйжада криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кызды тез арада куткарып калу операциясы иштелип чыгып, милиция кызматкерлери алармандын ролунда сатуучу аял менен байланышка чыгышкан. Акыры аял  100 миӊ сомдон баасын түшүрүп, нак  50 миӊ сомго эле сата турган болгон.Натыйжада, 14-август күнү алдын ала даярдалган акчаны берүү учурунда, Жалал-Абад шаарынын «Нур» мейманкананын короосунда 1977 жылы туулган Ч.М. кармалып, жанынан тиешелүү суммадагы акчадар чыккан. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.  Окуя  адам сатуу беренеси менен (171-берене)катары катталып,  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Адам сатуунун курмандыгына айланып кете жаздаган 2000-жылы туулган М.Д бошотулуп, ал кыздын жакындары такталууда. Кыз моралдык-психологиялык басымга дуушар болуп, аябай коркуп калган абалда болгон.

Кылмышка шектүү Ч.М.нын баш коргоо чарасы 16-август күнү Ош шаардык соту тарабынан каралып, аны тергөө аяктаганга чейин абакта кармоого, 2 айга, санкция берди.



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-shaarynda-adam-satuuga-shekt-ayal-karmaldy



Добавить комментарий