Жалал-Абад облусунда дезинфекция иштери уланууда

24 апрель 2020 13:53 647 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан өткөн сутка ичиндеги дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат. Бул тууралуу  КР ӨКМдин басма сөз кызмат билдирди.

2020-жылдын 23-апрель күнү Жалал-Абад  облусу  боюнча 196 310 погондук метр унаа жолдор, имараттын сырты 12 337 чарчы метр, имараттын ичи 5 876 чарчы метр залалсыздандырылган. 

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери автоунаа жүрүүчү жолдордо,  жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда жана дарыканалардын аймактарында жүргүзүлүүдө. 

Аталган иш-чара ӨКМ тарабынан республиканын бардык  аймактарында күн сайын аткарылууда. 


Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oblusunun-ajmagynda-km-tarabynan-dezinfekciya-ishteri-ulanuuda



Добавить комментарий