Жакшы кабар. Москвадагы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу абактан бошотулду
Бөлүшүү:
Москвадагы жөө жүргүнчүлөрдү сүзуп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу абактан бошотулду. Бул тууралуу Тверск райондук соту 11-октябрда ушундай чечим кабыл алгандыгын жарыялаган.
Ал эми соттун чечимине ылайык Чыңгыз Анарбек уулу кара жумушка кесилди, башкача айтканда бир жарым жыл кара жумушта иштеп, айлык маянасынын 15 пайызы мамлекетке кармалып турат. Ошондой эле, 3 жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыратылды.
Эске салсак, Чыңгыз Анарбек уулу 16-июнь күнү Москванын көчөсүнөн 8 жаранды сүзүп кеткен. Себебин, кунү-түнү уктабагандыктан, рулда уктап кеткендиги менен түшүндүргөн. Кыргызстандык айдоочуга бул иш боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган эле.
Добавить комментарий ×