Жабырлануучу: "Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы бычак ала чуркап мени коркутту деп айткан аферист аял Арстанбекованын айткандары калп"

10 январь 2019 13:05 1509 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Арстанбекова Бүбайшанын айткандарынын баары карандай калп. Бул тууралуу бүгүн жабырлануучу Жыпаркүл Турсунбаева 10-январда өтүп жаткан  кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу жана сотторго кысым көрсөтүү  максатындагы амал менен өткөргөн маалымат жыйынга жооп катары бүгүнкү өткөн пресс жыйында билдирди.

Эске салсак, Арстанбекова 2019-жылдын 10-январь  күнү Биринчи Май райондук сотунда көз боёмочулук менен жасалма жалган дипломдорду пайдаланып мамлекеттен бир нече жолу жогорку даражадагы сыйлыктарды мыйзамсыз алып, хулигандык менен жашы улгайган адамга кол салып денесинен жаракат келтиргендиги жана атайын киши жалдап өлтүрүүгө буюртма бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан. Бул иш боюнча сот процесси дайындалган.

"Арстанбекова Бүбайшанын берген маалыматтары жалган. Арстанбекова менен 1997-жылы чайдын үстүнөн таанышканбыз. Ошондон кийин бир айга жетпей эле телефон чалып, Бүбайшамын деп айтып, Аскар Базаркуловдон номеримди алганын айтты. Бир өтүнүчү Екатеринбургга кетип атам, сумкамды таштап турайын деди, мен көп ишенбей, алыспыз десем дагы такси менен келем деди. Анан ал мен жесир аялмын, жолдошум Жумгалдан, сиз мага жардам берсениз деп ыйлап, ишендирди. Батирде жашап жүргөн оокаты менен үйгө көчүп келип алды. Анан бир айдан ашык жок болуп кетти. Чалып, өмүрүм коркунучта болуп атат, мени тосуп алгыла деди, барсак поезд менен 4 бала келген экен. Арстанбекованы алар тепкилеп коюшуптур. Балдардын айтымында, алар менен чогуу соода кылган балдар экен, алардын акчасын алып, бербей өздөрүнчө чырдашыптыр. Арачага тушуп атып, биз да таяк жедик. Жардам берели деп уйго алып келип алып, кетире албай койдук. Батир издеп кетет, же таппайт. Ошентип 3 жыл жан бакты. Жесир аялдын жөн эле ойлоп тапкан созу экен корсо. Күйөөсү жок бой аял экен. Жолон Мамытовдун үйүндө да 4 жыл жашаптыр. Биздин үйдөн кеткен боюнча 2007-жылдан бери көрө элек болчумун", - деди Турсунбаева.

Кийинчерээк алдаган иштери чыгып калгандан кийин мага өчөшүп, киши өлтүрүүгө буюртма бергендигин ИИМ кийин изилдеп чыкты деп кошумчалады Турсунбаева,

Ссылка: https://barometr.kg/zhabyrlanuuchu-tattybb-tursunbaevanyn-agasy-bychak-ala-churkap-meni-korkuttu-dep-ajtkan-aferist-ayal-arstanbekovanyn-ajtkandary-kalp



Добавить комментарий