Өзгөндүн мэри болуп “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Мухтаржан Халматов шайланды

17 апрель 2019 15:45 1398 Barometr
Бөлүшүү:
ok

17-апрелде Ош областынын Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын Борбордук шайлоо комиссиянын аппаратынын маалыматтык бөлүмү кабарлады.

Өзгөн шаардык кеңешинде 31 депутат болсо баары тең шайлоого катышты. Өзгөн шаарынын мэри болуп “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Мухтаржан Халматов шайланды. Ал 16 добуш алган.

Өзгөн шаарынын мэри болууга эки талапкер ат салышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zgndn-meri-bolup-ng-progress-frakciyasynan-muhtarzhan-halmatov-shajlandy



Добавить комментарий