ӨКМдин кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын кайрымдуулукка жумшады
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын жыйнашып, Ош шаарында жайгашкан “Карыялар жана Балдар боруукерлик үйүнө” жана “Бөбөктөр үйүнө” керектүү болгон үй буюмдарын, дары дармектерди алып барып беришти. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Дүйнө жүзүндө болуп жаткан коронавирус пандемиясына байланыштуу бул демилгени ӨКМдин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери көтөрүшүп, зарыл болгон үй буюмдарын жана дары-дармектер менен жардам көрсөтүштү.
Жалпысынан 45 402 сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/zgch-kyrdaaldar-ministrliginen-45-402-som-lchmnd-zhardam-krstld
Добавить комментарий ×