Нарын шаары менен Ат-Башы районунда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт

16 апрель 2020 13:10 2570 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык 15-апрелден таңкы саат 08.00дөн баштап 30-апрелинин саат 08.00гө чейинки убакытына Нарын облусунун Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал режими киргизилген.

Буга байланыштуу бүгүн Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында бүгүн Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун каменданты, Нарын ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги У.Аалиев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын шаарынын мэри, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана күч түзүмдөрүнүн катышуусунда  саптык кароосу өткөрүлдү.

Өзгөчө абалдын тартибин бузган, аткаруудан баш тарткан, баш ийбеген, чагымчылдык жаратчу айың-имиштерди тараткан жарандар мыйзам чегинде жазага тартылат. Жөө жүргөн, маска тагынбаган жарандарга дагы чара көрүлөт.
Комендант Аалиевдин маалыматына ылайык, 15-апрелден баштап кечки саат 21.00дөн эртең мененки 06.00гө чейин коменданттык саат киргизилди. 
Нарын шаарына 4 жерге блокпосттор, 4 жерге фильтрациялык посттор коюлду. Ал эми Ат-Башы району боюнча 5 жерге блокпост, 21 аймакка фильтрациялык посттор жайгаштырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/zgch-abaldyn-erezheleri-tshndrld



Добавить комментарий