Президент өзгөчө абалды апрелдин аягына чейин узартуу боюнча жарлыкка кол койду
Бөлүшүү:
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылууда.
Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.
Буга чейин өзгөчө абал 15-апрелге чейин болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/zgch-abal-apreldin-ayagyna-chejin-uzartyldy
Добавить комментарий ×