Өзбекстандын хан айымы Зироат Мирзиёева ашканада
Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироат Мирзиёеванын гүлчөтай жасап жаткан сүрөтүн кызы соцтармактагы баракчасына жарыялады. Бул тууралуу Саида Мирзиёеванын соцтармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Өзбекстандын президентинин кызы Саида Мирзиёева соцтармактагы баракчасына эс алуу күнүндөгү сүрөттөрүн жүктөгөн. Анын айтымында, жекшемби күндөрү алар жакшы көрүп жеген тамак-аштарды даярдашат.
Ал эми сүрөттө президенттин жубайы Зироат Мирзиёева тамак даярдап жатканын көрүүгө болот.
“Жекшемби. Адатта, бул күнү биз сүйүктүү тамактарыбызды даярдайбыз. Алардын бири - гүлчетай. Апам эртең менентен бери камыр жууруп, жайып жатат. Атам менен чогу барыбыз бир дасторконго отуруп, тактайларды алып, апам даярдаган камырды кесебиз. Апам бизге ысык жаңы демделген ингредиенттерди берет: сабиз, буурчак ... Бул тамакты жасоо кесме лагманына абдан окшош” – деп жазган ал.
Сүрөттө президенттин жубайы Зироат Мирзиеёва, уулу Алишер, кызы Саида жана анын 3 баласы бар.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandyn-han-ajymy-ziroat-mirziyoeva-ashkanada
Добавить комментарий ×