Өзбекстандан Баткенге гуманитардык жардам жиберди
Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна медициналык шаймандардан турган гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна жалпы баасы 6 млн 300 миң сомду түзгөн медициналык шаймандарды жиберди. Анын ичинде коргонуучу каражаттар, ооруну аныктоочу лабороториялык шаймандар бар.
Бул иш-чара өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жүргүзүлдү.
Баткен облусунун жетекчилиги, коңшу Өзбекстандын президентине жана Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, буга чейин эки облус башчылары коронавирус илдети менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу каражаттары, азык-түлүк продукциялары боюнча эки тараптуу бир катар жардамдарды берип келишкен.
Добавить комментарий ×