Өзбекстандын чегине 22 афган учагы жана 24 тик учагы учуп кирген

17 август 2021 09:43 1848 Barometr
Бөлүшүү:
ok

14-15-августта Афганстандын 22 аскер учагы жана 24 тик учагы Өзбекстандын аба мейкиндигин бузгандыктан алар Термездеги эл аралык аэропортко мажбурлап кондурулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.

Аталган ведомство берген кабарга таянсак, учактарда Афганистандын 585 куралдуу аскерлери болгон.

15-августта Афганистандын «ЭМБРАЙЕР-314» деп аталган үч учагы «Ханабад» аба майданына конууга уруксат сураган.

Сурхан дарыя областындагы Шерабад районунда афгандардын «ЭМБРАЙЕР-314» учагы менен аны коштоп келмек болгон Өзбекстандын аскер аба күчтөрүнүн «МИГ-29» истребители кагылышкан. Учкучтар аман калышты.

Мындан тышкары Афганистандын 158 жараны жана куралдуу аскери Өзбекстандын чек арасына дарыяны кесип өтүп, мыйзамсыз кирген.

Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandyn-chegine-22-afgan-uchagy-zhana-24-tik-uchagy-uchup-kirgen



Добавить комментарий