Өзбекстандык ырчы Муниса Ризаева беткап тагынбаганы үчүн айыпка жыгылды
Бөлүшүү:
Өзбекстандык ырчы Муниса Ризаева коомдук жайда беткабы жок жүргөнү үчүн айыпка жыгылды.
Буга чейин социалдык тармактарда ырчы көчөдөн кишилер менен жолугуп жатканда беткап тагынбай жүргөн видеосу тараган. Анын ылдый жагына комментариц жазгандар ырчы бул кылыгы үчүн жоопко тартылдыбы деп кызыгышкан.
Видео тарап кеткенден кийин маданият министри Озодбек Назарбеков ырчыга эскертүү берип, ал айып төлөй турганын айткан. Өз кезегинде ырчы Муниса Ризаева мындай нерсе кайталанбай турганына сөз берген.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandyk-yrchy-munisa-rizaeva-betkap-tagynbagany-chn-ajypka-zhygyldy
Добавить комментарий ×