Өзбекстанда жубайлар төрөлө элек баласын $ 9 000 сатууга аркет кылган
Өзбекстанда төрт айлык боюнда бар жаш кыз төрөлө элек баласын 9 000 долларга сатууга аракет кылган. Бул тууралуу Upl.uz сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бекобод районунун Үргөнч шаарында жашаган жубайлар курсактагы баласын сатууга аракет кылышкан. Аял 4 айлык боюнда бар болгон. Жубайлар нике каттоосуз жашап келишкен.
Маалым болгондой, жаштар 6000 доллар алып жаткан учурда укук коргоо органдары тарабынан кармалган, калган акчаны бала төрөлгөндөн кийин алабыз деп макулдашышкан. Бул иш боюнча кылмыш иши козголгон.
12-январда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги ымыркай сатуунун негизги себептери баланын энесинин социалдык коопсуздугу, анын материалдык колдоого муктаждыгы жана кош бойлуулугун үй-бүлөсүнөн жашыруу аракети деп билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-zhubajlar-trl-elek-balasyn-9-000-satuuga-arket-kylgan
Добавить комментарий ×