Өзбекстанда жаңы окуу жылынан баштап шахмат сабагы өтүлө баштайт

11 август 2018 23:25 1200 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстанда жаңы окуу жылынан баштап шахмат сабагы окутулат. Бул туурасында Өзбекстандын Спутник маалымат кызматы жазды. 

Азырынча шахмат сабагын сыноо үчүн убактылуу долбоордун алкагында жүргүзүлөт. Кийинчерээк өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерде өтүлө баштайт. Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев шахматты өлкөдө өнүктүрүү үчүн Билим берүү министрлигине тапшырма берген. Окуу планын 20-августка чейин иштеп чыгуу керектигин дайындаган. 

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-zhay-okuu-zhylynan-bashtap-shahmat-sabagy-tl-bashtajt



Добавить комментарий