Өзбекстанда төрөлгөн эки баштуу сиам эгизи чарчап калды

7 июль 2020 10:44 1314 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстан төрөлгөн эки баштуу сиам эгиздери чарчап калды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Өзбекстандын Самарканд облусунда жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын бир денеси, эки башы болгон. Алар 27-июнда 4,6 килограмм салмак менен төрөлгөн.

“Дем алуусу жана жүрөктүн согуусу начарлагандан улам балдар үчүн ар-тараптуу медицина борборуна которулган. Дарыгерлердин кылган аракетине карабай, кечээ, 5:50дө биринчи кыз, 8:50дө экинчи ымыркай чарчап калган”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, наристелердин ата-энеси кош бойлуу кезинде эле балдар сиам эгиз болуп төрөлөөрүн билген.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-trlgn-eki-bashtuu-siam-egizi-charchap-kaldy



Добавить комментарий