Өзбекстанда той өткөрүүгө уруксат берилди

4 июнь 2020 12:03 1106 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстанда бир суткада 31 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Телеграмм каналына жазды.

COVID-19 илдетин жугузган алгачкы учур 15- мартта такталганы менен, аз убакытта 3874кө жетти. Алардын 2908и айыгып, 16сы каза болду. Обсервацияда 844 адам дарыланууда, алардын 9нун абалы оор, 2нүн абалы өтө оор деп бааланууда.

Кооптуу эмес аймактарда жайдын башталышы менен санаторийлер, спорттук клубтар иштеп, той жана маарекелерди өткөрүүгө уруксат берилген.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-toj-tkrg-uruksat-berildi



Добавить комментарий