Өзбекстанда сууда сүзүү боюнча ачык кубокко Кыргызстандан эки спортчу катышат

27 ноябрь 2020 13:52 873 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстанда 23-ноябрдан 30-ноябрга чейин сууда сүзүү боюнча ачык кубок старт алды. Бул тууралуу мамагенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Елизавета Рогожникова башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында сууда сүзүү боюнча лицензиялык Ачык Өзбекстан Кубогунда катышып жатышат.

Кубок 2020-жылдын 24-ноябрында Ташкент шаарында (Өзбекстан) старт алып, 29-ноябрда аяктайт.

Белгилей кетсек, спортчулар 23-ноябрдан 30-ноябрга чейин 2020-жылга карата негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планына ылайык Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен иш-сапарга жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-suuda-sz-boyuncha-achyk-kubokko-kyrgyzstandan-eki-sportchu-katyshat



Добавить комментарий