Өзбекстанда сел жүрүп 8 киши каза тапты
Бөлүшүү:
Өзбекстандын Наманган областынын Касансай шаарында болгон селдин кесептинен 8 адам көз жумду. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.
Буга чейин 13-июлда болжол менен саат 13:30 нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Касансай шаарында дарыя ташкындап сел каптаганы кабарланган.
ӨКМ маалымдагандай, алдын ала кабарлар боюнча жаратылыш кырсыгынан 8 жергиликтүү тургун каза таап, 6 киши жарадар болду.
Издөө куткаруу иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-sel-zhrp-8-kishi-kaza-tapty
Добавить комментарий ×