Өзбекстанда кош бойлуу аял курсактагы баласын $ 5 000 сатууга аракет кылган

12 январь 2021 14:44 5289 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын Бухара облусундагы полиция кызматкерлери курсагында жаткан баласын 5 миң долларга сатуу учурунда кош бойлуу аялды кармашты. Бул тууралуу UzNews.uz сайтына жазылган маалыматка таянып "Барометр" билдирет. 

4 айлык боюнда бар болгон кыз, каржылык абалы оор болгондуктан, курсактагы баласын сатууну көздөгөн.

"Бухара облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, жаран баласы үчүн алдын ала төлөм 20 миллион сум (2 миң долларга жакын) жана 500 доллар алып жаткан жеринен кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча "18 жашка чейинки адамдарды сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, алдын ала тергөө амалдары жүрүп жатканы маалым болду. Ушул берененин санкцияларында сегиз жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-kosh-bojluu-ayal-kursaktagy-balasyn-5-000-satuuga-araket-kylgan



Добавить комментарий