Өзбекстанда коронавирус жукканы тастыкталгандардын саны миң кишиден ашты

14 апрель 2020 18:31 1750 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстанда 14-апрелге карата өлкө боюнча 1113 кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ал эми илдеттен 4 киши каза болуп, 99 киши оорудан айыкты.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурмат Отабеков Хорезм аскер бөлүгүндө карантинге алынгандардын арасында коронавирус жайылды деген имишке дагы жооп берди. Ал чындап эле карантинге алынгандардын арасында жети кишиге коронавирус жукканы тастыкталганын белгиледи.

Эске салсак, дүйнө жүзү боюнча 2 миллиондой кишиге коронавирус жугуп, 120 миңден ашык киши оорунун курмандыгы болду.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-koronavirus-zhukkany-tastyktalgandardyn-sany-mi-kishiden-ashty



Добавить комментарий