Өзбекстанда китепкананы оңдоо учурунда 19-кылымга таандык колонналар табылды (сүрөт)

20 февраль 2021 09:06 797 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ташкенттеги Республикалык балдар китепканасын калыбына келтирүү учурунда 19-кылымдын аягындагы байыркы колонналар табылды. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин улуу кызы Саида Мирзиёеванын телеграм-каналына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"Бир нече ай мурун Республикалык балдар китепканасын реконструкциялоо жана жаңылоо боюнча долбоорду баштаганбыз. Реконструкция учурунда, дубалдардын кышынын артынан укмуштай кооз мамычаларын таап алдык. Алар 19-кылымдын аягында имараттын баштапкы көрүнүшүнүн бир бөлүгү болгон", - деп жазган ал. 

Мирзиёеванын айтымында, белгисиз себептерден улам, 90-жылдардын башында мамылар толугу менен тосулган, алардын ордуна примитивдүү дубал пайда болгон.

"Аларды реконструкциялоо боюнча жигердүү иштер башталды. Мен сиздер менен бул табылга тууралуу кичине болсо да бөлүшкүм келди. Мунун бардыгы биздин маданий мурастарды сактап калуу демилгесин көтөргөн жарандарыбыздын колдоосу жана камкордугунун аркасында болуп жатат", - деп жазган ал.

Республикалык балдар китепканасынын имараты архитектор И.А.Маркевич тарабынан 1893-жылы курулган. 20-кылымдын башында ал бухариялык еврейлерге таандык болгон. Андан кийин Ташкент шаардык Думасы жана Коомдук Ассамблея орун алып, турак жайдын бир бөлүгү балдар китепканасына айланган.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-kitepkanany-odoo-uchurunda-19-kylymga-taandyk-kolonnalar-tabyldy-srt



Добавить комментарий