Өзбекстанда "каза" болгон аял баласына телефон чалып, чакырды
Өзбекстанда коронавирустан каза болуп, жерге берилген аял беш күндөн кийин балдарына телефон чалып чакырган. Бул тууралуу өзбек ММКна шилтеме берип “Барометр” которду.
Дарыгерлер каза болгон башка эле аялдын сөөгүн целлофанга ороп тирүү аялдын туугандарына берип коюшкан.
“Апам катуу ооруп, ооруканага жаткыргандын эртеси “каза болуп калды” деген кабар келди. Үчөөбүз сөөктү алып кетиш үчүн ооруканага бардык. Кара целлофанга тыгыз оролгон сөөктү алып келдик. Дарыгерлердин “ачпагыла” дегенинен тийбей жерге бердик. Албетте, өтө оор кайгы жутуп, аза үйүнө айланып отуруп калдык.
Арадан 4-5 күндөн кийин телефонума бирөө чалып калды. Алсам апамдын үнү: “Балам, эмне үчүн менден кабар албай жатасыңар?” деп капалуу сүйлөдү. Таңкалып, туугандарыма айтып, ооруканага бардык. Алар бизден кечирим сурашты. Көрсө, алардын жаңылыштыгынан улам башка бирөөнү жерге бериптирбиз. Кудайга шүгүр, апабыз айыгып, ооруканадан чыкты”, - деп уулу билдирүү жасаган.
Бул окуяга Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлиги расмий түрдө каза болгон бейтаптын сөөгүн бир эле дарыгер туугандарынын колуна өткөрүп бере албасын, шалаакылыкка жол бергендер жооп берерин билдирген.
Ал эми сөөктү өткөрүп берүү боюнча республикалык патологиялык анатомия борборунун директору, профессор Ражаббой Исроилов “биринчиден, дарыгер сөөктү туугандарына өткөрүп берүү жараянына кийлигишпейт.
Экинчиден, бардык иштер белгиленген тартипте патологиялык анатомия институтунда жүргүзүлөт. Мындан тышкары, сөөктү ороп алганга чейин мекеменин кызматкери, албетте, туугандарына жүзүн көрсөтүп, тактайт.
Бардык процесстер документте толук чагылдырылган” деп жооп берген.
Учурда коронавирустун айынан каза болгон бейтаптарды көмүү өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана республикалык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл агенттигинин кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлүп жаткандыктан, ар кандай каралоого жооп берип, жазага тартылары тууралуу билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-kaza-bolgon-ayal-balasyna-tefon-chalyp-chakyrdy
Добавить комментарий ×