Өзбекстанда чыгарылган дары коронавируска каршы колдонулат
Өзбекстанда сасык тумоого каршы чыккан дарысы эми коронавис жуккандарды айыктырууга колдонулат. Бул тууралуу Өзбекстандын Инновациялык өнүктүрүү министрлигинин сайтында жазылган.
Өзбекстанда вирусту жуктургандардын саны 4,5 миңден ашып, анын 3 миңден көбү айыкты.
"Сасык тумоого каршы "Рутан" дарысын Өзбекстандын Илимдер академиясынын биоорганикалык химия институту иштеп чыккан. Ал кытай илимпоздорунун тестирлөөсүнөн өтүп, жыйынтыгында аны коронавирусту дарылоодо колдонууга болору аныкталган.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине 20 миңдей "Рутан" дарысы берилген. Ошондой эле Иранга да аталган дары жөнөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-chygarylgan-dary-koronaviruska-karshy-koldonulat
Добавить комментарий ×