Өзбекстанда баласын 5 миң долларга сатып жаткан келин кармалды (Сүрөт)
Өзбекстанда үч айлык баласын 5 миң долларга сатып жаткан келин кармалды. Бул тууралуу Ташкент ШИИБинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” которду.
Ташкент ШИИБине 21 жаштагы Наталья Ф. аттуу келин үч айлык баласын 5 миң долларга сатып жатат деген маалымат келип түшкөн.
“Оперативдик кызматкерлер тарабынан сүйлөшүлгөн суммадагы акчаны алып жаткан учурда Наталья Ф. жана аны менен чогуу жашаган 24 жаштагы Александр З. аттуу жаран колго түштү”, - деп айтылат маалыматта.
Аталган кылмыш иши боюнча чогулган материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Ошондой эле, өткөн жумада эле Гүлистанда 25 жаштагы келин бир жашка чыга элек баласын 17 миң долларга сатып жаткан жеринен кармалган.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-balasyn-5-mi-dollarga-satyp-zhatkan-kelin-karmaldy-srt
Добавить комментарий ×