Өзбекстанда аялы күйөөсүн кызын зордуктаганы үчүн өлтүрдү

4 февраль 2019 09:24 3699 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын Самарканд облусунун жашоочусу өзүнүн күйөөсүн кызын зордуктаганы үчүн өлтүргөн. Бул тууралуу Орто Азия жаңылыктары жазды. 

Маалыматта аял сурак берип жатып, 18 жаштагы кызын куйөөсү дайыма зордуктай бергендигин айтып, ошол күнү кичүү 16 жаштагы кызын дагы зордуктоого аракет кылгандыгы үчүн ушул кадамга баргандыгын моюнуна алган. Окуя 26-январда болуп, Самарканд облусттук ички иштер башкармалыгы 48 жаштагы эркек адамдын жансыз денесин 27-январда табышкан. 

Коңшусунун айтымында жубайлардын ортосунда дайыма жанжал чыгып турган. Күйөөсүнүн бир аз жетишпеген жайы бар болчу деп билдирет ал. 

Бул кылмыш иши боюнча аялы убактылуу камоо жайына киргизилип, сурак берүүдө. Маркум өз атасыбы же өгөй атасы болгонбу толук маалымат берилген эмес. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-ayaly-kjsn-kyzyn-zorduktagany-chn-ltrd



Добавить комментарий