Өзбекстанда 2 баштуу ымыркай төрөлдү (Сүрөт)
Өзбекстандын Самарканд облусунда 2 баштуу ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Kun.uz. басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Текшерүүнүн негизинде кош бойлуу энеге ымыркайдын 16-21-жумасында сиам эгиздер төрөлөөрү дарыгерлер тарабынан эскертилген.
“Учурда ымыркайлар жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир катар текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Алардын ички органдары экиден, ал эми жыныс мүчөсү бир”, - деп билдирди медицина борборунун башкы дарыгери Дилшод Рахманов.
Аталган медициналык борбордогу дарыгерлер мындай учурга биринчи жолу туш болуп жаткандыктан медицинасы мыкты өнүккөн өлкөлөрдөгү дарыгерлердин жардамына муктаж экенин белгилешти.
Балдардын апасы учурда төрөт бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө калууда.
Ошондой эле, ата-энеси тууган болсо, аял кишинин 45 жаштан кийинки көз жаруусу жана экологиянын бузулушунан улам сиам эгиздери төрөлөөрүн дарыгерлер кошумчалашты.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-2-bashtuu-ymyrkaj-trld-srt
Добавить комментарий ×