Өзбекстанда дагы бир бала сасык тумоого каршы дарыга ууланып реанимацияга түшүп калды

3 январь 2023 10:59 462 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстанда дагы бир бала индиялык сасык тумоого каршы дарыдан ууланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, бала азыр реанимацияда жатат. 

Эске салсак, буга чейин Самаркандда индиядан чыккан "Doc-1 Max" дарыны ичкен 19 бала каза болгон. Окуядан кийин өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармектин уулуулугун текшерүүгө жана изилдөөгө киришкен. 

Док-1 Макс” дарысынын курамында этиленгликол табылган, бул зат туура эмес кабыл алынса, ден-соолукка олуттуу зыян келтирет.    
Көрсө, ата-энелер сасык тумоого каршы дарыларды өз алдынча же фармацевттердин сунушу менен сатып алып, балдарга нормадан бир топ ашкан дозада беришкен.   

Азыр Өзбекстандын бардык дарыканаларынан “Док-1 Макс” дарысы алынып салынды. Мындан тышкары, өлкөдөгү Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин директору кызматынан бошотулган.   

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda



Добавить комментарий