Өзбек-кыргыз өнүгүү фонду түзүлдү

4 ноябрь 2021 12:22 2957 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдун токтому менен ушул жылдын 3-ноябрында Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосунда Өзбек-кыргыз өнүгүү фондун түзүү жөнүндө келишим бекитилди. Бул тууралуу CentralAsia булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Фонд экономиканын приориттеттүү тармактарында өзүн актай турган долбоорлорун каржылоону ишке ашырат. Фонд эл аралык уюм болуп эсептелет жана анын уставдык капиталы 50 миллион АКШ доллары болмокчу. Анын көлөмү 200 миллион долларга жеткенге чейин Өзбекстан тарабынан толукталып турмакчы.

Келишимге 11-мартта «Куксарой» резиденциясында жогорку деңгээлде өткөн өзбек-кыргыз сүйлөшүүлөрүндө жетишилген.

Ссылка: https://barometr.kg/zbek-kyrgyz-ng-fondu-tzld



Добавить комментарий