Заманбап колбасалар рак клеткаларынын пайда болушуна таасир этет

7 август 2019 19:46 8177 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азыркы тапта дээрлик ар бир үчүнчү үй-бүлөнүн муздаткычында колбаса жана колбаса азыктары ардактуу орунду ээлеп калган учур. Алдын-ала маалыматтарга караганда, жакынкы аралыкта колбаса коомчулуктун эң керектүү делген алдыңкы азыктары сүт, нан жана картошкадан кийинки кезекке чыгышы мүмкүн экен. Буга байланыштуу, биз бул ирет колбаса азыктарынын  зыяндуу сапаттарын таразалап көрдүк

Колбасанын зыяны

Эгер колбаса жана колбаса азыктары сапаттуу эт менен тек гана табигый татымалдардан жасалганда, анда булардан өткөн пайдалуу азык жок болмок. Бирок, заманбап колбасаларга даамдуу болуусу үчүн даам берүүчү, жыт кошуучу, түс өзгөртүүчү ар түрдүү татымалдар менен химикаттар кошулуп жасалат. Булардын көпчүлүгү саламаттыкка терс гана таасирлерди тийгизет. Мындан дагы орчундуусу – алардын курамында туз менен майдын жогорку деңгээлде болушу. Дал ушул себептен улам колбаса жана колбаса азыктары аларды көп жеген адамдардын организмине кант диабети, атеросклероз, жүрөктүн гипертониялык оорулары, миокард инфаркты сыяктуу ооруларды чакырып, бөйрөк-боор органдарынын иштөө функцияларын начарлатат. Колбасанын курамындагы консерванттар адамдын организминде рак клеткаларынын пайда болушуна таасир этет. Аталган азыктардын майлуу болушу өз учурунда семирүүгө дуушар кылып, кан басымынын көтөрүлүп турушун шарттайт жана мындан кийин кандын составындагы зыяндуу деп эсептелген холестеринди жокко чыгарууга мүмкүн болбой калат.

Колбасаны кантип тандоо керек

Сатып алаардын алдында тандоо туура болуусу үчүн алгач колбасанын түсүнө маани бергениңиз жакшы. Ал канчалык ачык кызыл же күлгүн түстө болсо, ага ошончолук химикат көбүрөөк кошулган болуп саналат. Негизи колбаса жана колбаса азыктары тез бузулуучу азыктардын катарына киришет. Ошон үчүн аны сатып алууда качан даярдалганын, качанкыга чейин бузулбай сакталаарын тактап сурап алган дурус. Эгер азыктын сыртында бул көрсөткүчтөр таптакыр көрсөтүлбөгөн болсо, анда аны сатып алуудан баш тартуу керек. Буга кошумча колбаса менен колбаса азыктарынын калориялуулугуна, курамында канча май бар экенине кызыгып коюу дагы ашыктык кылбайт.

Жогорудагыларды эске алып кымбат баада турган колбаса же колбаса азыктарын сатып алган күндө дагы сапатына кепилдик бере албайт, андыктан, төмөнкүлөргө көңүл буруңуз:

- Кууругандан кийин колбаса азыктары бүрүшүп-чүрүшүп калса, анда азыкта каррагинан (табигый гель берүүчү зат) абдан көп;

- Сиз сатып алган колбаса өтө туздуу болсо жебеңиз. Бул анын курамында консервант менен боёктор көп дегендик, ден соолугуңузга зыян;

- Колбасаны кесип жатканда май тамчылары пайда болсо, демек эскирип кеткен эттен жасалган.

Ссылка: https://barometr.kg/zamanbap-kolbasalar-rak-kletkalarynyn-pajda-bolushuna-taasir-etet



Добавить комментарий