Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги Москвада

7 декабрь 2018 12:47 1912 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 7-декабрда Россия Федерациясынын борбору Москва шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылуу алдында турат. Бул тууралуу маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министирлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айкел Москва шаарында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы гүлбакта жайгашкан. Иш-чара Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган.

Айкелдин ачылышына азыркы учурда Россияда жүргөн президент Сооронбай Жээнбеков, Москва шаарынын мэри Сергей Собянин жана башка расмий өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/zalkar-zhazuuchu-chygyz-ajtmatovdun-esteligi-moskvada



Добавить комментарий