Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы орден негизделет

11 сентябрь 2018 18:10 2085 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы орден негизделет. Бул демилгени  Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, демилгечилердин бири депутат Аида Касымалиеванын айтымында, Чыӊгыз Айтматов атындагы орденди белгилөө менен анын көркөм мурасын сактоо, кеӊири жайылтуу көздөлүүдө. Бул тууралуу эми жалпы жыйында каралат. Орден маданият тармагында ийгиликке жеткен, гумандуулук идеяларын жайылтып, сактоо аракетин көргөн кыргызстандыктарга жана чет элдиктерге берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/zalkar-zhazuuchu-chygyz-ajtmatov-atyndagy-orden-negizdelet



Добавить комментарий