Өз энеси жашап кетишине ишенбеген 268 грамм болгон бөбөк үйүнө чыгарылды
Японияда 268 грамм болуп төрөлгөн бөбөк ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу trt.net порталы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Японияда август айында 268 грамм болуп төрөлгөн эркек бөбөк ооруканадан чыгарылды. Ал 24 жумалыгында операция жолу менен жарыка келген. Ал дүйнөдөгү абдан кичинекей болгонуна карабай ден соолугу бекем болуп үйүнө чыгарылган биринчи бөбөк экени айтылууда.
Төрөлгөндөн кийин Токиодо Кеио университетинин ооруканасында 5 ай реанимацияда жаткан бөбөктүн өткөн жумада 3, 2 килогармм салмакка жеткенден кийин ооруканадан чыгарылгандыгы жана кадимкидей азыктана баштагандыгы белгиленди.
Бөбөктүн энеси : «Туурасын айта турган болсом ушунчалык чоңойгондугу үчүн абдан кубанычтуумун. Жашап кетерине ишенген эмесмин»,- деди.
Кеио университетинин ооруканасы Японияда 1 килограммдан жеңил төрөлгөн бөбөктөрдүн жашап кетүү ыктымалынын 90, 300 граммдан төмөн салмакта төрөлгөндөрдүн 50 пайыз экендигин билдирди. Айына жетпей төрөлгөн бөбөктөрдүн жашап кетүү катнашынын да эркектерде кыздардан дагы төмөн экендиги айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/z-enesi-zhashap-ketishine-ishenbegen-268-gramm-bolgon-bbk-jn-chygaryldy
Добавить комментарий ×