Ысык-Көлгө чөккөн 4 жашар кыз 14 күндөн бери табылбай жатат
Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз дагы деле табылбай жатат. Бул тукралуу "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, буга чейин кыздын атасы коомчулуктан жардам сурап, ӨКМнин кызматкерлери жакшы издебей жатканына нааразы болгон.
Бүгүн, 1-августа ӨКМ наристени издөө иши улантыларын кабарлады.
Эскерте кетсек, Ысык-Көл районунун Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен.
"Учурда издөө иштерин улантууга КР ӨКМнин Ыссык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы бөлүктөн 4 куткаруучу Балыкчы шаарынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыкты издешет, Ысык-Көл райондук ӨКБдан 4 куткаруучу Тору-Айгыр дан Чолпон-Ата шаарына чейинки аралыкты издешет, Тоң райондук ӨК бөлүмүнөн 4 куткаруучу Бөкөнбаев айылынан Балыкчы шаарына чейинки аралыкты издешет, Жети-Өгүз райондук ӨКБдан 7 куткаруучу Ак-Дөбө айылынан Боз-Бешик айылына чейинки аралыкты издешет, кошумча Чүй облустук башкармалыктан 12 куткаруучу Чырпыкты айылынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыкты суучулдар суу алдын издөө иштерин жүргүзөт, ККББнан 1 офицер дрон менен жалпы 32 куткаруучу тартылып издөө иштери уланууда", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-klg-chkkn-4-zhashar-kyz-14-kndn-beri-tabylbaj-zhatat
Добавить комментарий ×