Ысык-Кѳлдѳгү катуу шамал Чыгыш электр ишканасын зыянга учуратты
Кечээ кечинде Каракол шаарында катуу шамал болуп, куюнга айланган. Каракол шаарынын фучик кѳчѳсүндѳ Чыгыш электр ишканасынын базасы талкаланган, ушул эле кѳчѳдѳгү кээ бир үйлѳрдүн чатырлары талкаланган. Бул тууралуу Чыгыш электр тармагынын Ысык-Кѳл облусу боюнча маалымат катчысы маалымдады.
Анын айтымында, 111 линиясы катуу шамалдын кесепетинен иштебей калган. Шаардагы үйлѳрдүн чатырлары талкаланган. Кечтен баштап, он бир бригада тынымсыз иштеп, жарык берүү чубалгыларын оңдоодо. Азыркы учурда шаарда электр жарыгы бар. Майда электр чубалгыларын оңдоо иштери жүргүзүлүүдѳ.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kldg-katuu-shamal-chygysh-elektr-ishkanasyn-zyyanga-uchuratty
Добавить комментарий ×