Ысык- Кѳлдѳ Жамал Сейдакматованын 80-жылдык мааракеси өттү

9 сентябрь 2019 09:36 1795 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Эл артисти, Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси Ысык-Көлдө өзү туулуп-өскөн Темир айылында белгиленди. Актрииса «Туңгуч» театрынын негиздеген. Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму» жана башка бир катар тасмаларда, спектаклдерде ролдорду жараткан.

Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин кеңешчиси Султан Раев, маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев катышты.

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын маалыматына караганда, Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата 23-28-сентябрь аралыгында Ош шаарында «Арт-Ордо» эл аралык VII театр фестивалы уюштурулат.

Жакында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Сейдакматовага экинчи даражадагы «Манас» ордени менен ыйгарылды.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-zhamal-sedakmatovanyn-80-zhyldyk-maarakesi-belgiledi



Добавить комментарий