Ысык-Кѳлдѳ кардан улам жабылган жолдор ачылды

21 август 2019 15:20 1159 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Кайыңды жайлоосуна кетчү жол ачылды. Бул тууралуу облустун ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн басма сѳз кызматы билдирди.

17-19-август күндөрү жааган кардан улам Кайыңды жайлоосунда жол жабылып калган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар жайлоодогу малчыларга азык-түлүк жеткирип бере албай калышкан.

«Куйулма — ак топурактуу жер. Тынбай жааган кардан улам жол жабылып калды. Мурда өзүбүз тазалап алчу элек. Бул жолу жолду ачуу үчүн техника керек болуп жатат. Мындан улам малчыларга азык-түлүк жеткирип бере албай жатабыз. Буга чейин жайлоодогу малчылар менен байланыш жок болуп жаткан. Учурда телефондор иштеп, байланышка чыгышты. Жайлоодо 20-августта күн ачылганын билдиришкен», - дешти алар.

Ошондой эле, 21-августта техника жиберилип, жолду  тазаланганын кошумчалашты.

Кайыңды жайлоосу Эңилчек айылынан 50 чакырым алыста жайгашкан. Ал жерде 26 үй-бүлө мал багып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-kaardan-ulam-zhabylgan-zholdor-achyldy



Добавить комментарий